"Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Иминов Казакстанга эмнеге барды?

  12.10.17   11:21
 79

"Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын бири Фархад Иминов Казакстанга барып, коңшу мамлекеттин жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп келгендиги тууралуу маалымат Facebook социалдык түйүнү аркылуу кеңири тарады.

Ал жакта жазылган маалыматтарга ылайык, 10- октябрь күнү, саат 5.32де "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан 2016-жылы чыккан Lexus LX 570 үлгүсүндөгү ак түстөгү В 88 88 АX мамлекеттик номерлүү унаа менен Фархад Иминов Казакстанга жөнөп кеткен.

Коңшу мамлекеттин жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Иминов, ушул жылдын 15-октябрында шайлоо өткөндөн кийин өлкөдө массалык баш аламандык чыгарып, бийликке кысым көрсөтүү үчүн акча сураган. Акыркы болгон окуялардан кийин Бабановдун рейтинги төмөндөп кеткендигин айткан депутат, шайлоодо мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айтып, каршылык акциясына чыгуу пландалып жаткандыгын билдирген.

Ошондой эле ал, казак-кыргыз чек арасын жаап, кыргыз мигранттарына кысым көрсөтүүнү суранган.

Депутат ошол эле күнү саат 21.45те Кыргызстанга кайтып келген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277599

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.