Казак чиновниги телефон аркылуу Бабановго салам жолдоду

  12.10.17   11:38
 245

Интернетке "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Фархат Иминовдун Казакстандын чиновниктеринин бири менен телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү жарыяланды.

Эскерте кетсек, депутат президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жакындарынын бири.

Телефон аркылуу сүйлөшүүгө караганда алар жакшы тааныштар сыяктуу. Казак чиновниги Кыргызстанда 15-октябрда өтүүчү шайлоо маселесин сурап кызыкты. Ошондой эле ал, баары план боюнча кетип жаткандыгын айтып, Бабановго салам жолдоду.

Эскерте кетсек, буга чейин "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын бири Фархад Иминов Казакстанга барып, коңшу мамлекеттин жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп келгендиги тууралуу маалымат социалдык түйүндөр аркылуу кеңири тараган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277600

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.