Кыргыз-казак чек арасында кайрадан унаа тыгыны, кезек турмай күч алды

  12.10.17   12:46
 72

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Сочиде Казакстандын президенти менен кыргыз-казак чек арасындагы маселени талкууга алып, Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма бергендиги маалымдалган.

Чек арада болуп жаткан кырдаалды казак бийлиги пландык операция иштерине байланыштырып, абал көп узабай жөнгө салынаарын убада кылган.

Өз кезегинде коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети республиканын бардык аймактарында, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында толук кандуу чек ара операциялары жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Иш-чара кылмышкерлерди кармоо, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө, ошондой эле терроризм жана аткезчилик иштерине каршы уюштурулууда.

Эске сала кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 10- октябрда саат, 18:00дөн тартып катаалдаша баштаган.

Саат 22:00дө ӨКМнын кызматкерлери чек ара бекетинде кезекте турган жарандар үчүн чатырларды тигип, тез жардам бригадасы барган.

Социалдык тармактарга видео жайгаштырган интернет колдонуучулар чек ара бекетиндеги бир канча чакырым түзгөн автоунаа тыгыны 11-октябрь, саат 23.00гө чейин созулган. Мамлекеттик чек ара кызматы дагы маалыматты тастыктады. 11-октябрда, түн жарымында гана Казакстан жарандарды жана унааларды чек арадан өткөрүү процедурасын тездете баштаган. Бир нече сааттан кийин чек ара бекетинде кезекке туруулар азайып, абал жакшыра түшкөн.

Бирок бүгүн, таңкы саат 8:00дө көрүнүш кайра кайталанды. Казакстан тарап кайрадан чек арадан өткөрүү процедураларын татаалдаштырды. "Ак Жол" өткөрүү пунктунда кайрадан унаалардын тыгыны жаралып, эки мамлекеттин тең эли кезекте турууда.

Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга абал жөнгө салынганча Казакстан аркылуу жолго чыгууну пландабай турууну эскертет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277601

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.