Бакетаев: БШК Бабановдун мыйзам бузууларына реакция кылбай жатат

  12.10.17   15:08
 67

Күн сайын шайлоо агитациясы добуштарды сатып алуу боюнча жаңы фактылар менен коштолууда. Бабановдун тарапташтары Ошто жергиликтүү тургундарга акча тараткандыгын сотто мойнуна алышкан. Андан тышкары добуш алуу үчүн азык-түлүктөр дагы таратылганы маалым болгон.

БШКдан маалымдагандай, келип түшкөн арыздардын көбү кароосуз калууда. Эгер анда көрсөтүлгөн фактыларга таяна турган болсо, Бабанов эчак эле шайлоого талапкер болуу укугунан ажыратылмак. Шайлоого бир нече күн калганда өлкөдө абал курчуганына карабастан БШКнын позициясы түшүнүксүз бойдон калууда.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, БШК айрым катуу чара көрүш керек болгон маселелерге көз жууп коюуда. Алар мыйзам менен белгиленген тартипте зарыл болгон бардык ыйгарым укуктарга ээ.

"Диктатордук башкаруу өкүм сүргөн мамлекеттерде шайлоо мыйзамын бузган талапкерди ат салышууда гана четтетпей, камак дагы салышмак. Мен Бабанов тууралуу айткым келип жатат. Андыктан ал биздин БШКнын либералдуулугуна рахмат айтышы керек. Вице-премьер Зилалиевге карата дагы жумшак чара коруп коюшту. Атамбаев оппоненттен дагы буга окшогон жардамчылар көбүрөөк зыян алып келе тургандыгын айтты. Шайлоо штабынын башчысы болуп туруп, үгүт иштерине катышкан адамдын жазасы катуу болушу керек болчу. БШК мындай чиновникти кызматтан кетирүүнү талап кылышы керек эле", - дейт Бакыт Бакетаев.

БШК мүчөсү Кайрат Осмонолиев өтө маанилүү абалга токтолду.

"Бизди ашыкча либералдуу болуп жатасыңар деп айыпташууда, бирок биз жазаландыруучу орган болбошубуз керек. Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча бардык фактылар боюнча өз убагында жооп берүүгө аракет кылып жатабыз. Албетте, кароосуз калып жаткан арыздар дагы бар. Ошол эле учурда шайлоо жакындап келе жатат жана биз эки колубузду боорубузга алып жон отурган жокпуз",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277603

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.