"Нур Отан" тарабынан колдоого алынган талапкердин мүмкүнчүлүгү өтө төмөн

  12.10.17   15:48
 153

Кыргыз-казак чек арасында Астана олигархтары тарабынан уюштурулган блокада тескери таасирин берди. Чек ара бекетинде жасалма жол менен унаалардын тыгынын жаратып, адамдардын кезекке туруусун күчөтүү жана Бабановдун жакын адамдары менен сүйлөшүүгө баруу Казакстандын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жаткандыгын дагы бир жолу далилдеди.

Эки күндөн бер чек арада жасалма жол менен түзүлгөн кырдаалды көрүп туруп, эгер "Нур Отан" партиясы колдогон талапкер Кыргызстандын мамлекет башчысы боло турган болсо эмне болот?,- деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, Бабанов адатынча эч нерсеге катыштыгы жок экендигин айтып актанат. Мүмкүн анын түз байланышы жок чыгар. Бирок талапкердин айткандары чындык экенине ишенбөөгө негиз бар.

Биринчиден. Бабанов өлкөнүн кайсыл аймагына барып шайлоочулар менен жолугушпасын, элди 15-октябрь күнү кечинде шайлоо чөлкөмдөрүнө чогулууну үндөөдө. Эмнеге?

Экинчиден. Массалык баш аламандык уюштурууга аракет көрүү боюнча шектелип кармалган депутат Канат Исаев, Бабановдун тарапташтарынын бири катары 15-октябрга даярдык көрүү үчүн адамдарды жалдап, ири өлчөмдөгү акча тараткан.

Үчүнчүдөн.УКМК тарабынан бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасоо боюнча шектелип кармалган Мелис Аспековдун сүйлөшүүсүндө 15-октябрь, шайлоонун жыйынтыктары чыккан учур тууралуу сөз болгон.

Эң акыркы жаңы фактылардын бири- бул "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Фархат Иминовдун Казакстандын чиновниктеринин бири менен болгон сүйлөшүүсү.

Кыргыз-казак чек ара маселеси чыгаардан бир күн мурун Иминов Казакстанга барып келген.

Facebook социалдык түйүнүндө жазылган маалыматтарга ылайык, 10- октябрь күнү, саат 5.32де "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан 2016-жылы чыккан Lexus LX 570 үлгүсүндөгү ак түстөгү В 88 88 АX мамлекеттик номерлүү унаа менен Фархад Иминов Казакстанга жөнөп кеткен.

Коңшу мамлекеттин жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Иминов, ушул жылдын 15-октябрында шайлоо өткөндөн кийин өлкөдө массалык баш аламандык чыгарып, бийликке кысым көрсөтүү үчүн акча сураган. Акыркы болгон окуялардан кийин Бабановдун рейтинги төмөндөп кеткендигин айткан депутат, шайлоодо мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айтып, каршылык акциясына чыгуу пландалып жаткандыгын билдирген.

Ошондой эле ал, казак-кыргыз чек арасын жаап, кыргыз мигранттарына кысым көрсөтүүнү суранган.

Депутат ошол эле күнү саат 21.45те Кыргызстанга кайтып келген.

Учурда "Нур Отан" партиясы тарабынан колдоого алынган Кыргызстандын президенттигине талапкердин жетиштүү добуш чогултуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Жогорудагыдай кадамдары менен күн сайын аны колдоого алган шайлоочулардын санын азайтууда. Атүгүл жылуу чайын ичип, акчасын алгандар дагы мындай талапкердин алдында эч нерсеге милдеттүү эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277604

 Комментарийлер:
#1 Азамат
2017-10-12 21:02:10 Цитата / 0 / -

Вечерний Бишкек Бабановко тийишпегилечи сураныч

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.