"ЭлТР" коомдук телекомпаниясы 6 млн. сомго жабдыктарды сатып алат

"ЭлТР" коомдук телекомпаниясы 6 млн. (130 000 $) сомго жабдыктарды сатып алат. Сынак туурасында кулактандыруу кечээ, 4-сентябрда жарыяланды деп мамлекеттик сатып алуу Бюллетенинде билдирилген.

Телекомпания, 3х2 метр өлчөмүндөгү LED видео дубалын, сызыктуу эмес монтаж станциялары үчүн компьютер, жака жана кол микрофону менен радиосистема, программалык-аппараттык комплекс сатып алууну көздөөдө.

Тендердин заявкалары 26-сентябрда Ош шаарында ЭлТРдин башкы кеңсесинде ачылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД