Мыктыбек Абдылдаев "Ата-Журт" фракциясынын убактылуу лидери болду

Депутат Мыктыбек Абдылдаев "Ата-Журт" фракция лидеринин милдетин убактылуу аткармай болду. Бул тууралуу аталган фракция өкүлү Ахматбек Келдибеков билдирди.

Депутат мындай кадам Садыр Жапаровдун камалгандыгынан улам болгонун белгиледи. Келдибеков мындай чечим фракциянын бүгүнкү кезексиз жыйынында кабыл алынганын айтат.

"Фракция камалган партиялаштыры боюнча саясый жана укуктук сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Биз бул маселени жөнгө салуу үчүн бардык аракетти жасайбыз", - дейт ал.

Анын айтымында партиянын лидери болуп Камчыбек Ташиев кала бермекчи.

Ал ошондой эле фракциянын кезексиз жыйынында кечээ күнкү митинг талкууланбаганын кошумчалады.

Эске салсак, "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Чогулган эл "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин чакырыгынан кийин, Ак үйдүн темир торлорун аттап өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Бишкек шаардык тез жардам станциясынын башкы врач жардамчысы Гүлнара Ташибекованын билдиришинче, Ала-Тоо аянтындагы баш аламандыктан 10дой киши жабыр тарткан.

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана аталган партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД