Таластан келген топ бардык кен байлыктарын улутташтырууну президенттен суранууда

Талас облусунун демилгелүү тобу президент Алмазбек Атамбаевден Кыргызстандагы бардык кен байлыктарын улутташтырууну суранышууда. Бул тууралуу бир нече топтун өкүлдөрү Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Талас облусунун тургуну Асылбек Анарбаев "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча отчетту тааныштырганда көпчүлүк депутаттар колдоого алганын, бирок добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутаттар баш тартып койгонун айтат. "Биз муну чыккынчылык деп баалайбыз", - дейт ал.

Таластыктар депутаттарга дагы бир жолу ойлонууга чакырды жана 2010-жылдагы апрель окуялары Таластан башталгандыгын дагы бир жолу эске салышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД