Жалал-Абаттагы митинг аяктады

Саат 14:00гө алынган маалымат боюнча камакка алынган Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиевди колдогон митинг аяктады. Митингди уюштуруучулар эртең кайтадан нааразычылык акциясына чыга тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу "ВБ"нын Жалал-Абатта жүргөн өз кабарчысы маалымдады.

Митинг учурунда катышуучуларга кыргыз тилиндеги гезиттер таратылды. Депутаттар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду бошотуу, "Кумтөрдү" улутташтыруу талаптарынан башка Жалал-Абаттагы бир алтын кенин да улутташтыруу талабын айтышты.

Митингге 3 миңдей киши катышты. Ошондой эле митингге вице-премьер-министр Камила Талиева, Жогорку Кеңеш депутаты Ахматбек Келдибеков, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана муфтий милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев да катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД