Меккеде Кыргызстандык дагы 2 зыяратчы каза болду

Сауд Аравиянын Мекке шаарында Кыргызстандык дагы 2 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу муфтияттын басмасөз кызматынан Эсен Өмүракунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 16-октябрда 60 жаштагы Гүлай Сагымбаеваны машина сүзүп кетип каза болгон. Анын жанындагылардын айтуусунда ал нан алганы сыртка чыккан.

Ал эми 66 жаштагы Касмалиев Акин казы боор оорусунан 19-октябрда каза болгон.

Эки маркумдун тең сөөгү туугандарынын макулдугу менен Сауд Аравиясына көмүлдү.

Эске салсак, 14-октябрда Кадамжай районунун Ормош айылынын тургуну 73 жаштагы Иса Жолдошев да Мекке шаарында каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД