Оор салмактагы Бекзат Осмоналиев Олимпиада оюндарында ондуктун катарына кирбеди

Кыргызстандык оор салмактагы спортчу Бекзат Осмоналиев Лондондо башталган Олимпиадалык оюндарда жакшы жыйынтык көрсөтө алган жок.

Мелдеш оюндардын расмий сайты 56 кг. салмакка чейинкилердин категориясындагы Б.Осмоналиев 15-17 орундардагы Куба жана Өзбекстандык оор салмактагылар менен катарлаш болуп калгандыгын жазды.

56 кг. салмакка чейинкилердин мелдешине бардыгы болуп 18 спортчу катышты. Бул салмак боюнча чемпиондукту Түндүк Кореялык Yun Chol Om алса, экинчи орунду кытайлык Jingbiao Wu, үчүнчү орунду азербайжандык Valentin Hristov ээледи.

Ошентип, 2012-Олимпиада оюндарынын башталышына катышкан кыргызстандык спортчу 18 атаандашынын(спортчунун) ичинен ондукка кире албай калды.

Эске сала кетсек, 2012-Олимпиадага Кыргызстандан 14 спортчу катышса, алардын ичинен Руслан Исмаилов (атуу) жана Илья Игнатьев (парус спорту) бүгүн, 30-июлда мелдешке чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД