Бабанов: Биздин өкмөт баштаган реформаларды көзөмөлдөп турам

Базасында элди тейлөө борборлору ачылган почта түйүндөрүнүн ремонту үчүн республикалык бюджеттен 100 млн. сом бөлүнгөн. Бул туурасында бүгүн Свердлов районунундагы №39 элди тейлөө борборунун ачылышына катышкан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, бул суммага бардык тейлөө борборлору үчүн алынган жабдуулар да кирет. 10-сентябрга чейин Кыргызстанда мындай жайлардын 50сү ачылып, элге паспорт берүү жана паспорттун мөөнөтүн узартып берүү кызматтарын көрсөтөт.

"Киши келет, сүрөткө түшөт, элди тейлөө борборунан ал адамдын маалыматтары паспортту персонификация кылуу боюнча борборго жөнөтүлөт да, кайра почта менен артка жиберилет. Даяр паспортту ошол почтадан ээси келип алып кетет",-деп айтып берди Бабанов.

Министрлер кабинетинин милдетин аткаруучу эгерде кандайдыр бир маселе жаралса, паспортко арыз берген жаранга телефон аркылуу кабарланат.

"Бул биздин өкмөттүн долбоору, анын андан аркы аткарылып кетишин көзөмөлдөп турабыз. Мага биз баштаган реформанын андан ары кандай аткарылып жаткандыгы баары бир эмес. Эгерде иш башка багытта кетип баратса, мен аны эл алдында, коомчулуктун алдында айтып турам",-деп сөзүн жыйынтыктады Бабанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД