Президент КРдин Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди бошотту

Бүгүн, 3-сентябрда, президент Алмазбек Атамбаев КРдин Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн билдиришти.

Президенттин Жарлыгына ылайык, Эрик Асаналиев Кыргыз Республикасынын Беларусь Латвия жана Литва Республикаларындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан жана КМШ өлкөлөрүнүн уставдык органдарындагы КРдин Беларусиянын Минск резиденциясындагы биргелешкен өкүлчүлүгүнөн бошотулду.

Мурдараак, Тышкы иштер министрлиги КРдин Беларустагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн Бишкек чакыртып алгандыгын билдирген. Асаналиев интернетте Жаныш Бакиевдин сүрөтү Минскидеги кафелердин биринде пайда болгондон кийин чакыртылып алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД