Дордой базарынан 3 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ 4-сентябрда кечки саат 18де "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу Дордой базарынын жанынан кичинекей кызды сүзүп алган. Жыйынтыгында баш мээси чайкалган кызды ооруканага жеткиришкен.