Мамлекетке аябай салым кошуп аябай иштеп берген го кыязы, жакшы уйкуга зар болуп жургонуно караганда...
"Айына 15-20 миң сом маяна алсам, 4 баламды багып кете алам деп ойлойм", - деп "ВБ" га берген маегинде өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Төрөгул Беков билдирди.
Айтымында, кечээ ал кабинетин өткөрүп берген. Ошондой эле кызматтык унаасын дагы тапшырган. "Мен үйгө 7-маршрутка менен бардым. Көп убакыттан бери саат 9 га чейин уктай элек элем, бул жолу 9да турдум. Менин азыр бир гана каалоом бар. Ал эч кимге көрүнбөө жана жакшы уктоо",- деди Беков.
Экс-атка минер мамлекеттик кызматка кабыл алышпайт деген ишеничин айтты. "Үй бүлөнү багыш керек. Менин 4 балам бар. Каалаган жумушка барып жеке сектордо иштейм. Айлык акысын жакшы төлөп берсе болду", - дейт ал.