"Көк-Жар" жаңы конушунан Бишкектик 19 жаштагы кызды зордуктап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кечээ, 18-сентябрда таңкы саат 4тө, "Көк-Жар" жаңы конушунан бейтааныш бала кызга кол салып, зордуктаган. Ленин РИИБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш чарасынын негизинде, кылмышка шектүү делген 24 жаштагы жаранды кармашты. Ал буга чейин соттолгон эмес.