Конституциялык палатага сотторду тандоонун биринчи туру башталды

Бүгүн, 20-сентябрда, Жогорку соттун Конституциялык палатасына сотторду тандоонун биринчи туру башталды. 9 орунга 31 жаран талапкер болууда. Кечээ сотторду тандоо боюнча кеңеши сынакка 3 талапкерди: Абдыжапар Калыков, Бекбосун Бөрүбашов жана Нурмамат Ботобаевди өткөргөн жок. Конституциялык палатада жалпысынан 11 судья бар. Эки талапкер өткөн жылкы тандоодо бекитилген болчу.

Сотторду тандоо 3 этап менен жүргүзүлөт: маектешүү, дилбаян жазуу жана профильдик суроолорго жооп берүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД