Чүй районунда "Гольф-2" унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү койдуруп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
21-сентябрда болжол менен саат 20:00до Кордай районунун 35 жаштагы тургуну унаа башкарып бара жатып, Бишкек-Торугарт кан жолунун 49-чакырымынан Токмок шаарынын 66 жаштагы жаранын койдуруп кеткен. Окуя болгон жерде жаран каза болгон.