Red Jolbors Fest- жарнак, маркетинг жана PR фестивалына 300дөй адам катышат

28-29-сентябрда Бишкекте өтүүчү Red Jolbors Fest- жарнак, маркетинг жана PR Биринчи Бишкек фестивалына 300дөй адам катышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда болгон маалымат жыйынында иш чаранын уюштуруучуларынын бири Дарья Суходолова билдирди.

Иш чарага Кыргызстан, Орусия жана Казакстандан аталган тармактагы өз ишин мыкты билген адистер катышат. Red Jolbors Fest 2012 – эки күндүк фестивалдын жүрүшүндө жарнама, маркетинг, PR жана интернетте алга жылуу чөйрөсүндөгү чет элдик жана жергиликтүү адистер, эл алдына чыгып пикир алмашышат.

Мындан тышкары, фестивалдын уюштуруучулары иш чаранын катышуучуларына чакырылган коноктор менен кызыктырган суроолорду талкууга алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Фестивалдын спикерлери: "ВымпелКом Лтд" КМШ өлкөлөрүндөгү коом менен байланыш департаментинин жетекчиси Артем Минаев, "Ведомости" гезитинин корреспонденти Ксения Болецкая, "ВымпелКом Лтд" КМШ өлкөлөрүндөгү интернет-коммуникация боюнча ага менеджер Юрий Афанасов, PR-кеңеш берүүчү Жанна Прашкевич, GOOD агенттиктерди өнүктүрүү боюнча директору Даурен Түлеев (Казахстан), ОсОО Adver Groupтун башкы директору Талант Жумазаев жана башкалар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД