КМШнын террорчулукка каршы борборунун жетекчисинин орун басары болуп Марат Абдраев дайындалды. Мындай чечим бүгүн, 28-сентябрда, Ялтада өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Саммитинде кабыл алынды.
Саммиттин өкүлдөрү билдиришкендей, Абдраев буга чейин КР мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде иштеген.