Бекешев: Жапаров сатып алган имарат 2010-2012-жылдары салык төлөгөн эмес

Бүгүн, 28-сентябрда, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун ишин иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын отурумунда, депутат Дастан Бекешев Киев көчөсүндө жайгашкан №74 имараттын кожоюндары 2010-2012-жылдары мүлккө деген салыкты төлөбөгөндүгүн айтып чыкты.

Ал башкы прокуратурага бул жылдар аралыгында эмне себептен салык төлөнбөгөндүгүн аныктап чыгууну суранды.Бекешев мындай өтүнүчтү салык кызматы берген маалыматтын негизинде айтып жатканын кошумчалады.

"Мамлекеттик каттоо кызматында ал имараттын ээси ким экендигин билишпейт. Ушундай кантип болсун? Имарат шаардын так борборунда жайгашкан. Көзөмөлдөө органы иликтеп чыгып, кылмыш ишинин материалына кошуусу керек",- деди Бекешев.

Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетов бул маселени карап чыгууга сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД