Бийликти тартып алууга чакырык таштагандар кызматына карабастан жооп бериш керек

"Республика" саясий партиясы өлкөдөгү абалды чайпалтууга багытталган иш-аракеттерге каршы экендигин билдирет.

Билдирүүдө митингдин уюштуруучуларынын абалды чайпалтууга чагымчылдык кылып, коомдогу тартипти сактоо маселелерине жоопкерчиликсиз мамиледе экендигин көрсөтүп турат деп айтылат. "Бийликти күч менен тартып алууга жана күч колдонууга чакырык таштагандар ээлеген кызматына жана депутаттык кол тийбестигине карабастан жооп бериши керек".

Биз мындай иш-аракеттерге бөгөт коюлуп, тиешелүү укуктук баа берилип, күнөөлүүлөргө колдонуудагы мыйзамдын алкагында чаралар көрүлүшү керек деп эсептейбиз, - деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД