Жалал-Абаттагы митингчилердин саны 2 миңге жетти

Жалал-Абаттагы митингчилердин саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу Жалал-Абат облус ИИБнин маалымат катчысы Таалайбек Суусунбаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымынд, учурда Жалал-Абат обладминистрация имаратынын алдына МУККнын убактылуу жайына камалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун 2 миңге жакын жактоочулары чогулган.

"Митингчилер "Кумтөр" компаниясын улутташтырууну, депутаттарды бошотууна жана 2010-жылы бийликти басып алгандарга карата кылмыш иши козголуш керектигин талап кылууда", - дейт Суусунбаев.

Ал митинг тынч мүнөздө өтүп, эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын кошумчалады. Абалга укук коргоо органдары толугу менен көзөмөл кылышууда.

"Митингде Сузак районунун, Ош жана Жалал-Абаттын райондорунан келген катышуучулар биринен улам бири трибунага чыгып, өз талаптарын айтышууда", - дейт Суусунбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД