Жалал-Абаттагы митингчилер президентке талаптары айтылгандан кийин тарашты

Жалал-Абаттагы митингчилер президент Алмазбек Атамбаевге болгон талаптары айтылгандан кийин тарап кетишти. Бул тууралуу облус ИИББнин маалымат кытчысы Таалайбек Суусунбаев "ВБ"га билирди.

Анын айтымында, учурда шаардын борбордук аянтында эч ким калган жок. "Митингчилер өз талаптары жазылган тизме түзүштү. Анда: МУККнын убактылуу кармоочу жайына камалган Жогорку Кеңеш деутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду бошотуу, алтын өндүргөн "Кумтөр" компаниясын менчиктештирүү жана 2010-жылы бийликти басып алган саясатчыларга карата кылмыш ишин козгоо жазылган", - дейт Суусунбаев.

Аталган тизме Жалал-Абаттагы өкмөттүн өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго тапшырылды. Ал өз кезегинде бул талаптар өлкө жетекчилигине кыска убакыттын ичинде бериле турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД