Кемин районунда велосипед тээп бараткан 74 жаштагы адамды машина уруп кетти

Кемин районунда "Мерседес" үлгүсүндөгү машина велосипед тээп бараткан 74 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жумада Ысык-Көл облусунун 52 жаштагы тургуну "Мерседес-Бенц-230" үлгүсүндөгү машинасы менен Ак-Бекет айылынын тургуну 74 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Маалыматка ылайык окуя Бишкек-Торугарт кан жолунун 86 чакырымында орун алган.

Алган жаракатынан 74 жаштагы жаран каза болгон. Аталган факт боюнча иликтөө иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД