Камактагы Кубатбек Кожоналиев инфарк менен МУККнын ооруканасына жеткирилди

Юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев кечээ МУККнын ооруканасына инфаркт менен жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун имаратында турган туугандары жана адвокаты билдирди.

Эске салсак, бүгүн соттук экинчи инстанция бийликти күч менен тартып алууну уюштурууга шектелгендердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти кароодо. 7-октябрда Биринчи Май райондук соту аны эки ай камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттун отуруму анын болбогондугуна карабай болорун адвокаты билдирди.

Учурда Кожоналиев реанимацияда экени маалым болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД