28 жаштагы Жоомарт Сапарбаев мэр болууга ниеттенүүдө

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев Бишкек шаардык кеңешке катышып аткандыктан 25-октябрда мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат Жоомарт Сапарбаев Бишкек шаардык кеңешке "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде биринчи турат.

Сапарбаевдин айтымында ал шаардык кеңешке "жаш команда менен иштешүү" үчүн ат салышууда. Ошондой эле ал мэр болууга ниеттенип атканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД