"Бешинчи каналдын" журналисти ала качып кеткен балага эч кандай доосу жок

"Бешинчи каналдын" журналисти Айнура Исмаилова ала качууга аракет кылган Адилет аттуу балага эч кандай доосу жок.

Эске салсак, Адилет Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматованын коомдук башталыштагы жардамчысы.

Кыз аны сотко берүүгө ниети жок. Жаштар бир-бири менен жакындан тааныш жана ала качар күндүн алдында бирге болушкан.

Кечээ эртең менен Адилет Ширин Айтматовадан Ысык-Көлгө барып келүү үчүн суранып кеткен. "Бешинчи каналдын" маалымат кызматынан шеф-редактору Дмитрий Ложниковдун айтымында, кечээ эртең менен бейтааныш жигит Айнуранын коллегасына чалып, аны Ысык-Көлгө ала качып кеткенин айткан. Бирок, бул окуянын айланасында катуу талкуу болуп кеткендиктен Айнура менен Адилет Бишкекке чогуу келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД