Милиция Кызыл-Кыяда уурдалып кеткен бир жаштагы кызды издөөнү улантууда

КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Баткен облусунан жоголгон өспүрүмдү издөөдө жардам берүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өспүрүм балдар арасында кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнөн "ВБ"га билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда саат 14.00 чамасында Кызыл-Кыядагы базарлардын биринен 11 айлык Айбике Абдилакимова уурдалып кеткен.

Уурдалган кыздын энеси Назгүл Шарипова Кызыл-Кыянын "Айбек" базарында алтын азем буюмдарды караганы бир канча убакытка алаксып кеткен. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Назгүл алтын азем буюмдарын карап атканда жашы 20-25 жаштагы бейтааныш кыз анын баласын кармап турам деп алган.

Бейтааныш кыз Айбикеге таттуу сатып берем деп ары баскан жана кайта кайтып келген эмес. Шарипова баласынын жоголгонун 20 мүнөттөн кийин билген.

Өспүрүмдүн кайда экени тууралуу маалымат айткандарга кепилдик берилет жана сүйүнчүсү болот.

Төмөндөгү телефон номерлерине чалыңыздар. (0555) 37-31-37 (Руслан), (0552) 22-04-90, (0312) 26-62-61


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД