КСДП жеңсе да, "облом" болсо да бул шайлоо өнүгүүнүн башаты болуп кала берет

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бир айдан аз убакыт калды. Шайлоого аттанган партияларды каттоо аяктап, үгүт иштери башталып кетти. Катышабыз деп, камданып, уюштуруу иштери менен иш кагаздарын өз убагында тууралагандар дээрлик каттодон өтүп, бийлик тарабынан бут тосуулар, баштагыдай атайылап каттатпай коюу аракеттери байкалган деле жок.

Болгону БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариевдин "шайлоочулар тобу" катталбай калгандыгына байланыштуу нааразычылык билдиришти. Мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу шайлоого катышуу укугу партияларга кана калтырылып, башка бирикмелерге тыю салынган. Бирок, баш мыйзамда мурунку норма сакталып калгандыгына байланыштуу, "катталуу мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп жаткандардыкы да бекер сөз эмес. Баш мыйзамдын үстөмдүүлүгүн эске алганда алар катталышы керек эле. Бирок андай болгон жок.

Шайлоого катышуу укугу партиялар аркылуу гана жүргүзүлүү керектиги мындан мурунку жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына байланыштуу кабыл алынып отурат. Өткөн шайлоолордо ар кандай тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн топтор, өнөктүк маалында гана бириге калып, акчанын күчү менен жергиликтүү кеңештердин мандаттарына ээ болушканы белгилүү.

Мындай, "эл алдында жарыялаган ачык программалары жок, көздөгөн максаттары ачык эмес уюшмалардын жергиликтүү бийлик органдарына сиңип жатышы, өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет, андай топтор жеке кызыкчылыктарга гана кызмат кылып калат", деп жаткандардыкы туура эмес деп айтуу кыйын.

Парламенттик системага өтүп, демократиялык өлкө курабыз, деп жаткандан кийин, биз партиялык курулуштун өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз кажет. Анткени партияларсыз демократияны орнотуу эч мүмкүн эмес. Бул аксиома. Бирок аны такыр түшүнгүсү келбей, партиялардын ордуна уруулук түзүлүштү, регионализмди гана өөрчүтө турган мажоритардык системаны сунушташып жаткандар да жок эмес.

Алардын "партияда жоктор кайда барат?" деген аргументи деле суу кечпейт. Элди түгөл партиялардын короосуна айдап кирүү максат эмес. Алар каалаган партиясына кирет, же тилектештерин бириктирип өзүнүн партиясын түптөйт, болбосо жактырган партиясына добушун берип коюп, сүйгөн кесибин аркалап жашай берет. Жарандардын баары саясатчы болуп кетсе, саанчы, шоопур, врач, сантехник ким болот. Эң негизгиси, жарандардын баарына бирдей укук берилгенинде болуп жатпайбы.

Ал эми, "топ" болуп жүргөндөрдүн бул сапар партия түзө албай, шайлоого катыша албай калуусун өнүгүүнүн "балалык оорусу" катары кабылдаганыбыз жөн болоор. Алардын дагы, келечекте партияга айланып, максаттарын ачык жарыялап, элдин, мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликтерин моюнга алып, шайлоого катышууга укугу бар эмеспи.

Кеп чынында, Кыргызстандагы партиялардын дээрлик бардыгынын мамлекеттик каттоосу, печаты, анан лидеринин атынан башка айта турган касиети жок. Партиялардын көпчүлүгү лидердин тегерегиндеги тар чөйрө, анын урук-тууган, өң-тааныштарынан туруп, туруктуу мүчөлөрү жок, ар-кошкон, бүгүн бул жакта, эртең башка жакта жүргөндөрдөн турат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы.

Бирок, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, эгер демократиялык коом курабыз дегенден тайбай турганыбыз чын болсо, анда партияларсыз ал максаттарды ишке ашыра албасыбызды да моюндообуз кажет. Ошондон кийин гана, "уй мурдун сасык деп, кесип салбайт", деген бабалардын кебин эстеп, ушу колдо бар партиялардан "теке салып", буларга чыдоого мажбур экенибизди анык сезесиң! Анткени башкасы жок.

Андыктан партиялык курулушка мамлекеттик көз караш менен карап, партияларыбызды телчитип, накта классикалык партиялардын деңгээлине жеткизүү үчүн болгон аракеттерди көрүшүбүз кажет. Андан башкасы алагды кылуу, кедерги болуу, курулай убакыт коротуу десек жаңылышпайбыз.

Ошентип, баягы, "Алыбек алына жараша" дегендегидей болуп, Кыргызстан колдо бар жүздөгөн партияларынын ичинен жыйырмага чукулун таптап-баптап, жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанды. Партиялар тизмелерин тиркеп, мыктыларын катарга тизди. Тизмелердегилерди эл-журт жактырбай, "катынын киргизип алыптыр, эскилер толуп кетиптир, базар болуп калыптыр" деген сөздөр чыкты.

Эзели бир нерсени оңой менен жактыра койбогон, жада калса өзүлөрүн да жактырбай, ар-дайым "күзгүнү тээп келген" кыргыз коомчулугунан башканы күтүүгө деле болбоору башынан белгилүү эмеспи. Не дейбиз, жергиликтүү кеңештердин (айрыкча Бишкек шаардык кеңешинин) мандатына ээ болуп, меркантилдүү максаттарды ишке ашырууну көздөгөн шылуун, шумпайлардын партияларды (айрыкча КСДП сыяктуу бийликтегилерди) шынаарлап, коюн-колтугуна кирип кетип, көп жылдап партияда жүргөндөр сыртта калып жатканын тана да албайсың.

Бийлик башындагылар үчүн деле, чындыгын айтыш керек, "кара мышыкпы, ак мышыкпы чычкан алса болбодубу" дегендей парттизмеге кирчүлөрдү жаман-жакшы деп ылгоо анча байкалган жок. Алар үчүн акыркы жыйынтык - марага жетүү, мөрөй алуу негизги маселеге айланып кара-жандар карч урулуп жаткандай.

Мындай шартта, кыйын кезеңде арка бел болгон, жылаңач патриот, эски партиялашка караганда, колунда талканы, астында иштеген адамдары барлар, базаркомдор, мектеп директорлору менен башкы дарыгерлер сүйкүмдүү көрүнөөрү талашсыз эмеспи. Аны айтайын десең, берки жээктегилердин - бийликте жоктордун тизмеси деле оңуп кеткен жок. Ал жакта, акча, жек-жаатык, кландык принциптер негиз болуп жатканы байкалат.

Айтор, ушинтип "эшегине жараша тушагы" болуп, "аламан байгеге" аттанып да кеттик. Бул шайлоолордун жыйынтыгынан дүркүрөп өнүгүүгө карай жол чабылат деп айтыш кыйын. Бирок мындай шайлоолордун болуп жатышы кыргыз элинин жетишкендиктеринин бири экени, өлкөнү демократиялаштырууга багытталган кезектеги негизги кадамдардын бири экенин да танып болбойт. Б.а. шайлоонун жыйынтыгы кандай болгон күндө да (КСДП жеңилип "облом" болгон күндө да) бул шайлоолор алдыдагы, позитивдүү окуялардын башаты болоорунда шек жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД