Опузалоо боюнча Бишкекте 15 жаштагы эки окуучу кыз кармалды

Опузалоо боюнча Бишкекте 15 жаштагы эки окуучу кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басмасөз кызматы билдирди.

Кечээ, 29-октябрда, өспүрүмдөр менен иштеген участкалык инспектор тарабынан "Ар-Өргө" конушунда орун алган орто мектепте опузалоо фактысы аныкталган.

Аталган фактыны аныктоо үчүн тергөөчүгө 15 жаштагы эки окуучу кыз алынып келинген. Алдан ала маалымат боюнча алар чогуу окуган кыздын акчасын коркутуп алып коюшкан. Аталган факты боюнча иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД