Төрага АКШ элчиси менен жолугуп, эл аралык бала асыроо боюнча да пикир алышты

Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда бир эл аралык бала асыроо жаатындагы маселе да талкууланды. Төрага коомчулукта эл аралык бала асырап алуу механизмдерине карата ишенбөөчүлүк болбошу үчүн бул көйгөйдүн чечилишинде баардык жолдорду иликтөө зарыл деп билдирди.

Тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясый, социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө, сот, укук коргоо органдарын реформалоо маселелери боюнча, этникалык топтор ортосундагы ынтымак жана өлкөдө жагымдуу бизнес-климат түзүү тууралуу пикир алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД