Бүгүн АКШ өкмөтү америкалык Прожект ХОУП кайрымдуулук уюму аркылуу Бишкек шаарынын жана Чүй менен Ош облусунун медициналык мекемелерине жалпы суммасы 4 млн. 334 миң 488 долларлык гуманитардык жардам берет.
Медициналык мекемелер дары-дармек жана дүйнө жүзүнө белгилүү болгон фармацевтикалык компаниялардын медицинага багытталган буюмдарын алышат. Маалымдалгандай, гуманитардык жардам КР саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык мекемелердин талаптарына ылайык бөлүнүп берилет.