Дастан Жумабеков: Премьер министр Таластагы жолду куруугу 20 млн. сомду бөлүүдөн баш тартууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков “эч себепсиз эле” премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Таластагы жолду курууга деп пландалган 20 млн. сомду бөлүүдөн баш тартты, деп билдирди.

Депутат 2012-жылдын бюджетине ылайык Таластагы жолдун курулушуна деп 40 млн. сом бөлүнгөнүн белгилеп, бирок бүгүнкү күнгө чейин өкмөт анын жарымын гана бергенин айтты.

Жумабаков бул тууралуу Сатыбалдиевге жеке айтканын, бирок ал ачык жооп бербегенин кошумчалады. “Ал керек болсо акча жок деп айтты. Анын жообу “Кыш келди” болду”, - дейт эл өкүлү.

Атажуртчу “Кабмин өз убагында ишти аяктабаганына ким күнөөлүү”,- деп ачуусу келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД