“Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбор 9 айда 266 млн долларга күйүүчү май сатып алган

Эл аралык “Манас” аэропортундагы жүк ташуучу транзиттик борбор 266 млн долларга 80 млн галлондон ашык авиакеросин сатып алган. Бул тууралуу “Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбордун (ЖТТБ) финансылык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кеңештин төрага орун басары Нурбек Элебаев маалымат жыйында билдирди.

Ал транзиттик борборго авиакүйүүчү майын алып келген эки компания алынып келинген май тууралуу маалыматты жашырып башташкан. “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ЖЧК 9 айда баасы 165 млн 825 миң 595 доллар болгон 45 млн 883 миң 650 галлон авиакүйүүчү майды алып келген, ал эми “World Fuel Services” болсо, 100 млн 571 миң 42 долларлык 34 млн 633 миң галлон май алып келген.

Элебаев транзиттик борбордун аймагындагы компаниялардын салык төлөмдөрү боюнча маалыматка жетүү боюнча мамлекеттик салык кызматы менен маселе бар экенин белгиледи. Салык кызматы болсо аны коммерциялык сыр деп шылтоо айтып атканын кошумчалады.

“Биз салык төлөмдөрү боюнча маалыматты алуу боюнча компаниялар менен сүйлөштүк”, - деп “Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбордун финансылык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кеңештин төрагасы Темирбек Шабданалиев билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД