Бишкектин батыш тарабында жана Сокулук менен Аламүдүн райондорунун бир катар айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн саат 8.00дөн 17.00гө чейин борбор калаанын батыш тарабына электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүкэлектро” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, электр жарыгы Бах, Каракум, Дэн Сяопин, Улахольск көчөлөрүндө жана “Арча-Бешик” жаңы конушунда өчүрүлөт.

Андан сырткары электр жарыгы Жаңы-Жер, 20-Хутор, Суу айылдарында жана Сокулук районунун Лесхос дачасында болбойт.

Кара-Жыгач, Көк-Жар айылдарында (Үмөталиев, Шабдан Баатыр, Маликов, Достук, Эгимбаев, Канжарская көчөлөрү) жана Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында (Сарбагыш, Матросов көчөсү) өчөт.

Маалымдалгандай “Жаңы-Жер” жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда оңдоо иштери болгондуктан электрэнергиясын берүү үзгүлтүккө учуроодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД