Борбор калаадагы жол кырсыгынан 40 жаштагы киши каза болду

Борбор калаада болгон жол кырсыгынан 40 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Аламүдүн айылынын тургуну “БМВ-530” үлгүсүндөгү унааны Некрасов көчөсү аркылуу айдап келатып, Ремесленной көчөсүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп кеткен. Кесепетинен 40 жаштагы киши каза болгон. Анын өздүгү аныкталып, ооруканага баратканда жолдон каза болгон.

Иликтөө иши жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД