“Ар-Намыс” фракциясы көпчүлүк коалиция тагдырын жабык эшик артында талкуулоодо

Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясы “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынын тагдырын жабык эшик артында талкуулоодо. Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары бар.

Фракция жыйыны бүгүн саат 10го белгиленген, бирок кворумдун жокутугунан 11ге жылдырылган. Учурда жабык эшик артындагы талкууга 15тей арнамысчы катышууда. Алардын ичинде Гусаров, Анвар Артыков, Токон Мамытов, Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова, Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев, ошондой эле фракция лидери Феликс Кулов бар.

Журналисттер менен эшик сыртанда турган депутаттын жардамчылары бир аздан кийин ЖМК өкүлдөрүн залга киргизе тургандыктарын айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД