НАТО коалициясынын “Боинг” учагы “Манастагы” кырдаалга себеп болгон

Эларалык “Манас” аэропортунда орун алган өзгөчө кырдаалга учуп-конуу тилкесинен тайгаланып чыгып кеткен коалициянын “Боинг-747” учагы себеп болгон. Бул тууралуу аэропорттун кызматкерлери “ВБ”га билдирди.

Алардын айтымында, 1-декабрда түштөн кийин АКШнын коалициялык учагы учуу тилкесинен чыгып кеткен. Анын куйругу тилкенин жарымын жаап калган.

“АКШнын учагын 10 сааттан кем эмес убакытта алып чыгышты. Кырдаалдын түзүлүшүнө коалициялык учактын учкучу күнөлүү. Ал диспетчерди аягына чейин укпай туруп бурулган”, - дейт кызматкерлер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД