Ольга Лаврова: 2013-жылдын бюджетине жүк-200дү алып келүүгө 2,9 млн сом каралган

“2013-жылдын бюджетине жүк-200дү алып келүүгө 2,9 млн сом каралган”, - деп Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы бул багытка деп 2,2 млн сом бөлүнгөн. “2012-жылы жүк-200дү алып келүүгө мамлекеттик казынадан 600 миң берилген. Калган сумманы биз секвестирлөөгө мажбур болдук. 2013-жылдын бюджетине жүк-200гө деп 2 млн 911 миң сом каралды”, - деп белгиледи Лаврова.

Министр жүк-200дү алып келүү функциясы Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы чет жерде жарандарды жумушка орноштуруу борборуна берилгенин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД