Жети партия Жалал-Абаттагы шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп митингге чыгат

Жети партиянын өкүлдөрү Жалал-Абаттагы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингге чыгууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Республика” партиясынын Жалал-Абат боюнча штаб жетекчиси Абдылда Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктарына нааразы. “Бүгүн биз обладминистрациянын алдына митингге чыгабыз. Акцияга “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эгемен Кыргызстан”, “Акшумкар”, “Замандаш-Современник”, “Ата Мекен” жана Коммунисттер партиясынын өкүлдөрү катышат. Митинг тынч өтөт жана аны өткөрүү 11ге пландалган”, - дейт Турсунбаев.

Эске салсак, Жалал-Абаттагы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо “Өнүгүү” партиясы алдыда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД