Жантөрө Сатыбалдиев мамаппараттагы депутаттын балдарын жумуштан алды

Өкмөттүк мамлекеттик аппараттагы депутаттын балдары жумуштан алынды. Бул тууралуу 17-декабрда жеке булактар “ВБ”га билдиришти. Ошентип сентябрдын аягына карай мамлекеттик аппараттын курамын кайра түзүүдө төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер жумушунан алынган.

Диана Артыкова – социалдык бөлүм, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыковдун кызы; Марлен Маматалиев – реалдык сектор бөлүмүнүн башчысы, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиевдин баласы; Рыспек Эргешов – коргоо бөлүмү, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун баласы; Илим Исаков – экономика бөлүмү, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаковдун баласы; Данияр Сыдыков – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, колдоочусу бар, жердеш, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованын алыс тууганы.

Булак белгилегендей, жумуштан алынган эл өкүлдөрүнүн балдары мыйзамдуу түрдө 100 000 сомдон компенсациясын алышкан.

Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, буга чейин депутат Осмонов премьер-министрге ишенбөөчүлүк вотумун көргөзүү боюнча депутаттардын колун чогултууга ниеттенип атканын билдирген эле. Анда депутат себебин түшүндүрбөстөн, Сатыбалдиевдин кадрдык саясатын катуу сынга алган.

Андан сырткары депутат Жылдызкан Жолдошова мамлекеттик аппараттан мыйзамсыз жумуштан алынган 20 кызматкерди кайта ордуна коюусун талап кылган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД