Өнөкөт бөйрөк оорусу барларды дарылоо үчүн 70 млн сом бөлүүгө сөз беришти

"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өнөкөт бөйрөк оорусу барларды дарылоо үчүн 2013-жылы 70 млн сом бөлө турганына оозеки түрдө сөз берди", - деп Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев бүгүн, 21-декабрда, "Кант диабети: тажрыйба, чакырыктар, перспективалар" аттуу улуттук конференцияда билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджетке бул азырынча киргизиле элек. Ал балким премьер-министрдин фондунан алынышы мүмкүн деп эсептейт.

"Көпчүлүк учурда кант диабети өнөкөт бөйрөк оорусуна алып келет. Андыктан бул дарт менен ооругандардын саны артууда", - дейт министрдин орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД