"Берекет" соода комплексин жана анын жанындагы чакан базарды каптаган суудан улам 450 миң салык түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басмасөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, 14-15-декабрда Ала-Арча дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, "Берекет" жана анын айланасында орун алган чакан базардагы контейнерлерди суу каптаган. Ал жерде азык-түлүк жана кийим-кече сатылчу.