Башкы прокурор: Жапаровго айып тагуу үчүн бизде бардык далилдер бар

"Башкы прокуратуранын Садыр Жапаровга айып тагуу үчүн жетиштүү далили бар", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-декабрдагы, пленардык жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров имараттын (Киев, 74 дарегинде жайгашкан – vb.kg) "көйгөйү" бар экенин билген жана аны сатууга аракет кылган. Бул тууралуу ал тергөө учурунда билдиргенин Салянова белгиледи. Ошондуктан ага карата "Кылмыш жолу аркылуу алынган мүлккө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаров имаратты сатып алгандан кийин ал Бакиевдерге таандык экенин билсе да, аны сатууга аракет кылган деп айтууда. Анын бул аракетин Бекешев моралга жатпаган кадам деп баалоодо", - деди башкы прокурор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД