Курманбек Осмонов: Жапаровдун тагдырын өзүнүн катышуусунда талкуулоо керек

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов камакта отурган атажуртчу депутат Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алууну өзүнүн катышуусунда талкуулоо кажет, деп "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Депутаттын айтымында, эл өкүлдөрүнүн аракетин регламентке тууралаш керек. "Эгер маселе ага тийиштүү болсо, депутат жыйынга катышууга укугу бар. Аны кайтаруу менен алып келишсин", - деди Осмонов.

Эскертсек, Жапаров бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД