Таластагы Каракол дарыясы жээктен ашып, кооптонуу жаратты

Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын жанындагы дарыя кескин суук болгондуктан тоңуп, суу жээктен ашып турак жайды каптоо коркунучу туулду. ӨКМнын маалыматына ылайык, өзгөчө кырдаал Айдаралиев айыл аймагында түзүлгөн.

Куткаруучулар Каракол дарыясында турган көпүрөнүн алдын муз тосуп калганын билдиришүүдө.

Дарыяга муз тоңуп калгандыктан узундугу бир чакырымдай болгон коркунуч жаралууда. Учурда окуя болгон жерде ӨКМнын адистери алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Эскертсек, аталган көпүрө стратегиялык деп эсептелген Чат-Базар – Арал – Талды-Булак авто жолунда орун алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД