Кечээ,14-январда, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Жогорку соттун Конституциялык сотуна көргөзүлгөн талапкерлерге добуш берди. Буга чейин эки тандоо туру болгон. Үчүнчү тандоо турунан алты талапкер өттү.
Талапкерлер үчүн кийинки этап – бул президент менен аңгемелешүү. Ага төмөндөгү талапкерлер катышат: Өмүрзак Мамыров, Куанбек Киргизбаев, Максуда Оморова, Абибила Тажибаев, Канатбек Усенов жана Токтосун Суеркулов.