Бекешев: Көпчүлүк чиновниктер машинасына жасалма номерлерди тагып жүрүшөт

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-январдагы, пленардык жыйынында "көпчүлүк чиновниктер машинасына жасалма номер тагып алып жүрүүсү адат болуп калды", - деп билдирди.

"Каттоого алынган автотранспорттор тууралуу маалымат жашыруун сакталган, алар баарына эле бериле бербейт. Көпчүлүк чиновниктер машинасына жасалма номер тагып алып жүрүүсү адат болуп калды. Бул жерде жашыра турган эмне бар. Көпчүлүк биздин коллегалар өз "хаммерлерине" жасалма номерди тагып жүрүшөт", - дейт Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД