Чек арада орун алган Чарбак айылынын тургундары 14 тонна көмүр бекер алышты

Баткен районундагы Чарбак айылынын тургундары 100% көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат-катчысы Мелис Эржигитов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, айылга бир нече күн мурда жергиликтүү администрациядан 20 тонна көмүр берилген, анын 14 тоннасы бардык тургундарга бекер таратылган.

"Калган 6 тоннасы складдарда сакталып, килограммы 4,5 сомдон, ал эми тоннасы 4,5 миң сомдон сатылууда. Бул Чарбак айылы үчүн өтө эле арзан баа", - дейт Эржигитов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД